Бүгүн, 3-март күнү, биз банк лицензиясын алганыбыздын 3 жылдыгын белгилеп жатабыз! Бул
маанилүү күн менен бардык кызматкерлерибизди, кардарларыбызды жана өнөктөштөрүбүздү
куттуктайбыз! Сиздердин жардамыңыздар менен үч жылдын аралыгында FINCA Банк бийик
көрсөткүчтөргө жетти жана мурда ээлеген позицияларындагы алдыңкы орунду бекемдей алды,
ошондой эле өзү үчүн жаңы болгон чөйрөдө олуттуу жетишкендиктерге жетишти.
Биз калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууну
улантып келебиз. Биздин финансылык сабаттуулук боюнча долбоордун алкагындагы Банк катары
жүргүзгөн ишибиз сыйлыктарга жана ыраазычылык каттарына, анын ичинде КР Улуттук Банкынын
жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктарына жана ыраазычылык каттарына
ээ болду. 2012-жылдан 2017-жылга чейин финансылык сабаттуулук боюнча 1661 тренинг өткөрүлдү,
35000 жакын адамдар бул тренингдерге катышып, өз каражаттарын туура бөлүштүрүү боюнча
билимдерин жакшырта алышты.
FINCA Банк корпоративдик-социалдык жоопкерчилик боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында
жалпы суммасы 16 миллион сомду түзгөн 400 ашык долбоорду ишке ашырды. Бүткүл өлкө боюнча
жергиликтүү уюмдарга инфраструктуралык объекттерди жакшыртуу боюнча жардам көрсөтүлдү, о.э.
жардамга жана колдоого муктаж билим берүү мекемелерине, балдар үйлөрүнө жана башка
уюмдарга жардам көрсөтүлдү.
Биз эң чечкиндүү идеяларды ишке киргизип, тоскоолдуктарды жеңип, алдыга койгон максаттарга
жетүү менен мындай жыйынтыктарга бирге жеттик. Бүгүнкү күндө бизди ишенимдүү финансылык
өнөктөш деп эсептешет жана биздин 150 000 ашык кардарларыбыздын ишеними – бул биздин эң
баалуу активдерибиздин бири деп сыймыктануу менен айта алабыз.
Биздин кызматкерлер жогорку деңгээлде мотивацияланышкан жана өз ишине жан дили менен күйүп,
атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн негизги булактарынын бири болуп саналат.
Кыргызстанда 20 жылдын аралыгындагы стабилдүү ишибиз жана банк катары 3 жылдын
аралыгындагы ийгиликтүү ишибиз – бул кесипкөй, бирдиктүү жамаатыбыздын эмгеги. Биз ар бир
кардарыбызды терең баалайбыз жана аларга жеке мамиле кылуу менен иш жүргүзөбүз. Биздин көп
жылдан берки тажрыйбабыз келечекте да кардарларыбыз үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон калууга
мүмкүндүк берет деп ишенебиз жана ал үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз.
FINCA Банкка эмгегинин үзүрлүү болушун, алдыга койгон бардык максаттарынын ишке ашуусун жана
өнүгүүсүн каалайбыз!

 
КРУБ № 051 лицензиясы
©2018 "ФИНКА Банк" ЖАК
Маалыматты колдонуу | Жашырын саясаты